Бугу 13, 2024
Убакыт: 16:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

ИИМ: ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташыган кылмышкерлер кармалды

ИИМ: ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташыган кылмышкерлер кармалды

Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү

кызматынын ыкчам кызматкерлери  ири өлчөмдөгү баңгизатын сатып өткөрүү

менен алектенгендерди аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча атайын

операцияны ийгиликтүү аякташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлады. 


Жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында  ИИМдин БМЖКККнын Ош

шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарынын

Кулатов кичи районунан 1972-жылы туулган  Р.У. аттуу жаран кармалып,

анын автоунаасына  кароо жүргүзүү учурунда   салмагы 935 граммды түзгөн

“гашиш” баңгизаты табылып алынган.


Ыкчам-иликтөө мүнөзүндөгү мындан аркы иштердин жүрүшүндө ИИМдин

БМЖКККнын кызматкерлери баңгизатты сатып алуучунун өздүгүн тактап, аны

кармоого мүмкүн болгон. Алынган ыкчам маалыматтын негизинде 1972-жылы

туулган М.у.Б. аттуу жарандын жашаган жерине тергөө жана издөө

иш-чаралары жүргүзүлгөн.


ОШ облусунун Кара-Суу районундагы айылдардын биринде кызматтык иттерди

пайдалануу менен жүргүзүлгөн издөө иштеринин жүрүшүндө короосунан 2

килограмм 019 грамм “героин”, 3 килограмм 972 грамм “гашиш”, 16 грамм

“марихуана” баңгизаттары табылып алынган.


Жаран М.у.Б. бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү

катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.


Баңгизат сатуучуларды аныктоо боюнча атайын операцияны  Мамлекеттик чек

ара кызматынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын түштүктөгү

башкармалыгынын  кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн табылып алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 6

килограмм 942 граммды түздү.


Учурда аталган кылмышка тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча иш-чаралар

уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн