Бугу 12, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармады

04.11.2020 17:50
592
ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармады


Буга чейин Аламүдүн районунун тургуну акча талап кылган эки кишиге чара көрүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган. 2019-жылы күзүндө бейтааныш адамдар аны бычак менен коркутуп, денеге залал келтирип, унаанын багажнигине салып кетишкени аныкталган. Ошол эле учурда, кылмышкерлер 10000 АКШ доллар өлчөмүндө акча талап кылышкан.


Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмү "Пара талап кылуу", 170-беренесинин 2-бөлүмү "Адам уурдоо" жана 266-беренесинин 2-бөлүмүндөгү "Бейбаштык" кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлгөн.


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшкөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, мыйзамсыз коомго каршы аракеттерди жасаган деген шек менен мурда соттолгон адамдар кармалышты.

 

Алар, Бишкек шаарынын тургуну 1984-жылы туулган А.Э.  мурда бейбаштык үчүн соттолгон,   Бишкек шаарынын тургуну 1984-жылы туулган Д.А. буга чейин опузалап талап жана тоноочулук үчүн соттолгон.


Криминалдык милиция кызматы билдиргендей, бул адамдар уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турушат. Учурда сотко чейинки тергөө иштери улантылып жатат. Жогорудагы жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилип  жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн