Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кошумча төлөм үчүн 200 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 2-июлдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, бул акчаларды бөлүштүрүү ИИМге жумшалат. Ал штабдын жетекчиси жана өкмөт башчы катары министрден бул маселени тактай турганын кошумчалады.
Буга чейин өзгөчө абал шарттарында милдеттерин аткарган аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине компенсациялар төлөнөрү маалымдалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн