Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:49
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Индияда кран жумушчуларга кулап түшүп, он алты адам каза болду

01.08.2023 10:04
1129
Индияда кран жумушчуларга кулап түшүп, он алты адам каза болду


Индиянын Махараштра штатында тез жүрүүчү автомагистралдын курулушунда кран жумушчулардын тобуна кулап түшүп, он алты жумушчу каза болуп, үчөө жараат алганын NDTV полицияга шилтеме берүү менен билдирди.


Кырсык курулуш жумушчулары унаа жолдорун, темир жол көпүрөлөрүн жана ири имараттардын пайдубалын курууда колдонулган чоң темир устундарды жылдырууга жөндөмдүү адистештирилген машинанын үстүнкү жүрүүчү кранын иштетип жаткан учурда болгон.


Полициянын маалыматы боюнча, дагы беш жумушчу кулаган крандын урандыларынын астында болушу мүмкүн.


Учурда кырсык болгон жерде куткаруу иштерине полиция, өрт өчүрүүчүлөр жана башка ыкчам кызматтар тартылып жатат. Бийлик полициядан окуянын себептерин иликтөөнү талап кылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн