Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:45
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Ысык-Көлдө Борбор Азиянын өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун форуму өтүүдө

15.08.2024 15:59
296
Ысык-Көлдө Борбор Азиянын өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун форуму өтүүдө


Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин жетекчилери баштаган делегаттардын регионалдык форуму өтүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кезектеги регионалдык форумга Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев төрагалык кылууда.

Иш-чарага Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Чингыс Аринов, Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Жарандык коргонуу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Латифзода Хотамшо Латиф, Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министри Абдулла Кулдашев, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин туруктуу координаторунун жана Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун өкүлдөрү жана башкалар катышууда.

Бообек Ажикеев форумду ачып жатып өз сөзүндө климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу соңку мезгилдердеги табигый кырсыктардын кескин өсүшү дүйнө коомчулугун экология жана кырсыктардын алдын алууга багытталган чечкиндүү кадамдарды жасоого убакыт келип жеткенин баса белгиледи. "Ал эми бүгүнкү өтүп жаткан форум Борбордук Азия өлкөлөрүнүн башын бириктирип, стратегиялык жактан конкреттүү кадамдарды аныктаган аянтча болуп саналат", - деди ал.

Жыйында климаттын өзгөрүшү, өзгөчө кырдаалдарга туруштук берүү жана алдын алуу, табигый кубулуштарга мониторинг, божомолдоо жүргүзүү дегеле, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана ошондой эле гуманитардык жардамдар тууралуу талкуулашат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн