Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Испанияда 19 миңден ашуун дарыгер коронавирус инфекциясын жугузуп алды

06.04.2020 17:49
842
Испанияда 19 миңден ашуун дарыгер коронавирус инфекциясын жугузуп алды


Испанияда 19 миңден ашуун медицина кызматкерлери коронавирус пандемиясын жугузуп алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, 19 400 ак халатчан оору жугузуп алган. Алардын 20 пайызы дарттан айыкса, 10% бейтапканага жаткырылган. Ал эми көпчүлүгү үйлөрүндө дарыланып жатканы айтылат.


Ошондой эле, 30 медицина кызматкери каза болгон, арасында 11 дарыгер, мээрман айымдар жана санитардык кызматкерлер бар.

 

Учурда Испанияда коронавирус илдетин жугузгандар 135 миңден ашса, оорудан айыккандар 40 миңден ашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн