17-июль күнү түнкү саат 22:00 Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты айылында чамасында ач карышкыр 17 жаштагы кызга кол салды. Бул тууралуу Turmush басылмасы билдирди.
«Түндө ач карышкыр Коо-Чаты айылындагы жайгашкан короого түшүп келип, майда жандыктарга кол салган. Ошол убакта короодогу мал-жандыктардын ызы-чуусунан фонарик жандырып чыккан 17 жаштагы кызга кол салып, буттан тиштеген. Кыз качып, араң кутулган. Андан соң түнкү 24:00дөн кийин дагы келгенде ошол жердеги чабан чыгып кармаша кеткен. Ызы-чуудан кошуналар да ойгонуп келип карышкырды муунтуп өлтүрүшкөн. Карышкырдын кутурган кутурбаганын аныктоо үчүн Оштогу лабораторияга жибердик. Ал эми жаракат алган тургундар учурда райондук ооруканада дарыланып жатышат. Кечээ кабар алганбыз, абалдары жакшы», - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн