Бугу 04, 2024
Убакыт: 02:10
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кара-Кулжада селдин кесепетинен бир адам каза болду

Кара-Кулжада селдин кесепетинен бир адам каза болду


Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымдарында 1 жеңил унааны сел суусу агызып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, унаанын ичинде 1 эркек, 2 аял жана 1 бала болгон ( аты-жөндөрү такталууда) 2 аял кишини жана жаш баланы жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.

Ал эми унаанын айдоочусун сел агызып кеткен.

Издөө иштерине Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 11 куткаруучу тартылып, сел агызып кеткен жарандын сөөгүн таап, сайдан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн