Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 21:15
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кара-Сууда 100 кап унду 1650 сомдон саткандар аныкталды

16.03.2020 17:13
655
Кара-Сууда 100 кап унду 1650 сомдон саткандар аныкталды


Ички иштер органдарынын кызматкерлери коронавируска байланыштуу курч абалдан пайдаланып, жалган маалымат таратуу менен мыйзамсыз баюуну максат кылган бир нече шылуунду аныктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган С.Ш. аттуу тургуну, соодагер 400 кап унду жана майды сатып алып, өз дүкөнүндө жогорулатылган баада саткан. 


Ошондой эле, Кара-Суу районунун 1966-жылы туулган С.Б. аттуу жашоочусу 1-сорттогу унду 1650 сомдон болжол менен 100 кап саткан. 


Ал эми Ноокат районунун 1973-жылы туулган А.И. аттуу жараны, 1988-жылы З. аттуу жараны, 1990-жылы туулган С.Р. аттуу жараны жана Алай районунун 1987-жылы туулган жашоочулары абалды колдонуу менен унду жогорулатылган баада сатышкан.  


Бул фактылар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү рейстерине катталып, Жазык кодексинин 216-беренеси (Монополисттик аракеттер жана атаандаштыкты чектөө) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштады.


Мындан тышкары, “WhatsApp” мессенджеринде жергиликтүү базарда унду 2500-3000 сомго чейин сатып жатышкандыгы тууралуу жалган маалымат тараткан жарандын өздүгү такталган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында жогорудагы билдирүүнү Өзгөн районунун 1995-жылы туулган А.Н. аттуу жашоочусу таратканы маалым болду. Бул боюнча да тиешелүү чаралар көрүлүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн