Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 21:57
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Караколдо алдамчылыкка шектелип Charge fast компаниясынын өкүлдөрү кармалды

04.03.2024 13:17
436
Караколдо алдамчылыкка шектелип Charge fast компаниясынын өкүлдөрү кармалды


Каракол шаарында алдамчылыкка шектелип Charge fast компаниясынын өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-март күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө бир катар тургундар арыз менен кайрылышкан. Алар өз арыздарында облус борборунда февраль айында Charge fast компаниясы ачылганын жана анын өкүлдөрү депозиттер боюнча үстөк пайызды жогорулатууну убада кылышканын билдиришкен. Ошондой эле арыз ээлери убадаларга ишенип, акчаларын бул компанияга салып, андан соң компания алардын акчаларын алдоо жолу менен ээлеп алганын кошумчалаган.

Арыздар Кбоюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Катталган арыздар боюнча материалдык чыгым 500 миңден ашык сомду түздү.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип "Charge fast" компаниясынын өкүлдөрү, Каракол шаарынын тургундары 47 жаштагы М.Н. жана 49 жаштагы М.Г. аттуу жарандар аныкталып, колго түшүрүлдү. Шектүүлөр сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди.

Каракол шаардык ички иштер бөлүмү аталган компаниянын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен бардык жарандарга шаардык милициянын тергөө кызматына кайрылышын өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн