Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Карантиндик посттордо текшерүүнү туура түшүнбөгөн жарандар кездешет, - ИИМ (фото)

18.06.2020 12:44
935
Карантиндик посттордо текшерүүнү туура түшүнбөгөн жарандар кездешет, - ИИМ (фото)


Бишкекте COVID-19 илдетинин алдын алуу жана жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында жана өзгөчө абал режиминин улануусуна байланыштуу ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы башкы башкармалыгынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөлөрүн улантууда.

 

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүгө саламаттыкты сактоо жана ички коопсуздук аскер кызматынын кызматкерлери да чыгып, шаарга кире бериштеринде санитардык-карантиндик посттордо күнү-түнү текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.


Алардын милдети жол кыймылын жана коомдук коопсуздукту сактоо. Кырдаалга жараша кызматкерлер жарандарга жеке коопсуздукту сактоону, эл көп топтолуучу жерлерге барбоону, кырдаалга жоопкерчиликтүү мамиле кылууну сунуштоодо.


«Кызмат өтөөдө ар кандай учурлар болот, көпчүлүгү түшүнөт, бирок кээ бири өз айтканын бербей, талашат. Мындай учурда биз тынч түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз, ыраазычылыктарын айтып мындан ары кырдаалдын талаптарын аткара тургандыгын билдиргендер да бар. Биздин жардам да керек болуп калган учурлар болот. Мисалы, жакында бир унаа оорулуу адамды алып кетип бара жатыптыр, тийиштүү кагаздарын баарын көргөздү. Биз ал унааны посттон тоскоолдуксуз тез өткөрүп, коштоп ооруканага жеткирдик», - деп билдирди милиция кызматкери.


Алар шаар жашоочулары жана конокторуна мүмкүн болушунча  жашаган жеринен чыкпоого үгүттөп, зарыл муктаждык жаралганда гана жеке коргонуу каражаттарын колдонуп, социалдык аралыкты сактоо менен көчөгө чыгуусун сунуштады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн