Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек араны жабуу тууралуу азырынча тапшырма жок. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан "Media center" мультимедиялык маалыматтык-агенттигине билдирди.
Алардын маалыматы боюнча, мамлекеттик чек аралардын ортосундагы каттамдарды токтотуу маселесин Чек ара кызматы чечпейт.
"Бул суроо биздин ведомствонун компетенциясына кирбейт. Мындай маселени өкмөт чечет. Азырынча кыргыз-казак чек арасын жабуу тууралуу буйрук түшө элек", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, Казакстанда коронавирус илдетине 1 аял жана 1 эркек киши кабылганын Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов маалымат жыйында айткан эле.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн