Бугу 13, 2024
Убакыт: 13:09
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Киберкылмышкер Россиядан Кыргызстанга качууга аракет жасаган

16.04.2021 14:34
664
Киберкылмышкер Россиядан Кыргызстанга качууга аракет жасаган


Коммерциялык уюмдардын эсебинен 15 миллион рубль уурдаган деп шектелгендердин бири Кыргызстанга качып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.


Ички иштер министрлигинин Тергөө департаменти жана Германиянын укук коргоо кызматкерлери тарабынан орусиялык фирмаларды тоноо боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.


Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2018-жылдын март-декабрь айларында Орловка облусунун, Курган, Новосибирск жана Санкт-Петербург шаарларынын беш тургуну жана алардын шериктери Интернетте зыяндуу программаларды таратышкан. Мындан улам алар компаниялардын компьютерлерине кирүүгө мүмкүнчүлүк алып, акчаларын уурдап кетишкен. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 15 миллион рублдан ашык. Муну менен алар жашыруун билдирүү жөнөтүү кызматтарын колдонушкан.


Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 273 ("Зыяндуу компьютердик программаларды түзүү, колдонуу жана жайылтуу"), 272 ("Компьютердик маалыматка мыйзамсыз кирүү") жана 159.6 ("Компьютердик маалымат жаатындагы алдамчылык") беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.


"Бир нече күн мурда Бишкек шаарына учуп кетүүгө аракет кылып жатканда дагы бир тиешеси бар адам кармалды. Азыркы учурда ага дагы айып тагылып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды", - деди Волк.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн