Баткен облусунун Дахма аймагында чек арага жакын тилкеде жергиликтүү тургундун сарайында өрт чыкты.
Маалыматка караганда, өрт бүгүн, 9-ноябрда саат 05:30 чамасында катталганын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашат.
"Өрт чыккан сарай Кыргыз жаранына таандык. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан саат 06:15те өрт чектөөгө алынды. Тиешелүү кызмат тарабынан өрттүн келип чыгуу себеби аныкталып, териштирүү иштери башталды. Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн