Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 13:44
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргызстан БАЭ менен бардык багыттар боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар

15.02.2023 18:31
296
Кыргызстан БАЭ менен бардык багыттар боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дубай шаарына болгон (Бириккен Араб Эмираттары) иш сапарынын алкагында БАЭнин келечек министри жана министрлер кабинетинин иштери боюнча мамлекеттик министри, Бүткүл Дүйнөлүк өкмөттөр саммитин (WGS) уюштуруу төрагасы Мухаммад бин Абдулла Аль Гергави менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасы Бириккен Араб Эмираттары менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө жана андан ары чыңдоого терең кызыктар экенин белгиледи.


Ал өткөн жылдын ноябрь айында президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барганын жана кыргыз тарап сапардын жүрүшүндө жетишилген жыйынтыктарды жогору баалай турганын эске салды.


“Биз үчүн БАЭнин келечекке багытталган эмираттык мамлекеттик өнүгүү тажрыйбасы чоң кызыгууну жаратат. Туура бир жыл мурун, Сиз менен чогуу Институционалдык өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө өкмөттөр аралык Меморандумга кол койгон элек. Буюрса, Меморандумдун аткарылышында позитивдүү динамиканы канааттануу менен белгилейм. Учурдан пайдаланып, кыргыз тарап үчүн бир катар тренингдерди өткөргөнүңүз үчүн ыраазычылык билдирем. Учурда дүйнөнүн алдыңкы оюнчулары болуп саналган суверендүү байлык фонддорун түзүүдө Араб Эмираттарынын ийгиликтүү жана ошол эле учурда уникалдуу тажрыйбасы белгилүү. Биз бул багытта Эмираттын тажрыйбасына абдан кызыктарбыз, ушуга байланыштуу, “Өкмөттүк Акселераторлор” эксперттик тобунун алкагында, Кыргыз Республикасында Эгемендүү фондун түзүү маселеси боюнча консультациялык жана методикалык жардам көрсөтүүнү эмират тараптан суранабыз”, - деди министрлер кабинетинин төрагасы.


БАЭнин Келечек министри жана министрлер кабинетинин иштери боюнча мамлекеттик министри, Бүткүл Дүйнөлүк өкмөттөр саммитин (WGS) уюштуруу төрагасы Мухаммад бин Абдулла Аль Гергави өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана кеңейтүүнүн жана өз ара кызыкчылык жараткан долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Жолугушуунун жүрүшүндө 2016-жылы БАЭ Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан “Мамлекеттик акселераторлорду” Кыргыз Республикасында ишке киргизүү боюнча кыргыз тарап тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча презентация болду. БАЭнин Келечек министри жана Министрлер Кабинетинин иштери боюнча мамлекеттик министри Мухаммад бин Абдулла Аль Гергави белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен “Мамлекеттик акселераторлорду” методологиясын ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу БАЭ Өкмөтү үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Буга байланыштуу ал кыргыз тарап аткарып жаткан иштердин жыйынтыгына канааттангандыгын билдирип, Өкмөттүн акселераторлору аркылуу иштин мындан ары жемиштүү уланышын каалады.


Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар жакын арада Эмираттын Өкмөттүк акселераторлор командасынын Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн