Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 15:25
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.970

Кыргызстан Кытайга дээрлик 3 млрд сом ашыкча төлөйт

25.11.2020 14:15
544
Кыргызстан Кытайга дээрлик 3 млрд сом ашыкча төлөйт


Кыргызстан Кытайдан алынган карыздын төлөө мөөнөтүн узартууну макулдашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.


Анын айтымында, Кытай карыздын төлөө убактысын 4 жылга узартууну сунуштаган.


“Кытай үстөктү 2% деп белгилөөнү сунуштап жатат. Жалпысынан ал өкмөт тарабынан белгигенген чендерден ашпайт. Ошондо 2,9 млрд сом ашыкча төлөнөт”, - деди ал.


Новиков өз кезегинде Кыргызстандын тышкы карызынын басымдуу бөлүгү Кытайдан алынган айтып, башка өлкөлөрдөн алынган карыз өтө көп эмес экенин белгилеп өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн