Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:55
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргызстанда бир жумада коронавирустун 19 учуру катталды

Кыргызстанда бир жумада коронавирустун 19 учуру катталды

Кыргызстанда бир жумада, 21-27-ноябрда, COVID-19дун 19 жаңы учуру аныкталган. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.


Катталган 19 учурдун ичинен 5 бейтап ооруканага жаткырылган, 14ү амбулатордук дарыланууда. 


Тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.


2022-жылдын 10 ай 22 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 783 учуру катталды, анын ичинен 19774 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2009у (9,2%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн