Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызстанда калуу мага коркунучтуу, ошондуктан Пакистанга кайтам, - Кой-Ташта сабалган ыктыярчы

02.08.2020 14:53
1152
Кыргызстанда калуу мага коркунучтуу, ошондуктан Пакистанга кайтам, - Кой-Ташта сабалган ыктыярчы


Кыргызстанда калууну каалачумун, бирок пандемиядан кийин коркунучтуу болуп калды. Ошондуктан өз өлкөмө кайтам, деп билдирди Кой-Ташта кыргыз жарандары тарабынан сабалган пакистандык ыктыярчы студент Аббас Али Шах 24.kg агенттигине берген маегинде.


Аббас Алинин Пакистандан келип, Бишкекте жашап жатканына 4 жыл болду. Ал Эл аралык медициналык окуу жайынын 5-курсунун студенти. Пандемия учурунда кыргыз дарыгерлерине коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө жардам берүүнү чечип, күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы болуп кирген. Бирок ал жерде көпкө иштеген жок. 20-июлда Кой-Таштан Аббасты бир нече кыргыз балдары катуу сабап кеткени белгилүү болгон. Эми ага операция жасатуу керек.


“Мен ар дайым чет өлкөлөрдө билим алууну кыялданчумун. Досум Кыргызстанга келгенден кийин, мен дагы көп ойлонбой Бишкектеги ЖОЖдордун бирине тапшырууну чечтим”, - дейт Аббас Али Шах.


Ал Кыргызстандын жаратылышы, таза абасы, Ысык-Көлү жана тоолору абдан жагаарын айтып, бирок коопсуздук жагынан күмөн санап калганын белгиледи.


Кыргызстанда калууну каалачумун, бирок пандемиядан кийин коркунучтуу болуп калды. Тоодо болгон окуяны, мени жана досторумду сабап кеткендери тууралуу менин жакындарым билишпейт. Алар Кыргызстан коопсуз жана кооз деп ойлошот. Кооздугунда сөз жок, бирок коопсуздук жагынан күмөн санап калдым. Эми мен Пакистанга кайтам”, - деп билдирди ыктыярчы.


Ал кошумчалагандай, учурда ден соолугу жакшырып калды. Бирок дарыгерлердин кеңешин алууга барып турат.


Эске салсак, пакистандык ыктыярчы студент Аббас Али Шах достору менен Кой-Ташта эс алып жүргөн жеринен кыргызстандыктар тарабынан сабалган. Көп өтпөй эле кылмышка шектүүлөр кармалып, милиция кызматкерлерине сурак берип жатканы кабарланган. Ошондой эле ИИМ жетекчилиги бул окуяны өз көзөмөлүнө алган.

  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн