9-сентябрда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязовду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койгон.
Элчи эмне үчүн кызматтан кеткени тууралуу "Спутник Кыргызстан" кызматына түшүндүрүп берген.
Анын айтымында, ал көп убактан бери ооруп келген.
"Мен кызматтан кетүү тууралуу арызды буга чейин эле жазганмын. Кечээ 70 жашка чыктым. Жашым деле келип калды.
Бийлик мени сакайып кетет деп үмүт кылып турган",- деди Ниязов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн