Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутат Медер Алиев билдирди.
Анын айтымында, "Ынтымак" фракциясы Акундун талапкерлигин көрсөткөн.
Ал эми, "Ишеним", "Ата-Журт Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ыйман" фракциясы Атыр Абдрахматованын талапкерлигин көрсөткөн.
Пикирлер (3)