Кулжа 29, 2024
Убакыт: 03:47
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Кыргызстандын аскерлери Түркияда машыгууга катышууда

25.05.2022 10:16
324
Кыргызстандын аскерлери Түркияда машыгууга катышууда

2022-жылдын 8-майынан баштап Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери Түркияда өтүп жаткан көп улуттуу “Эфес-2022” машыгуусуна катышууда. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы билдирди.


"Түркиянын Измир шаарында машыгуунун биринчи этабы болуп, аталган этаб командалык-штабдык форматында компьютердик моделдөөнү колдонуу менен өттү. 28-майдан 9-июнга чейин Измир шаарындагы “Доганбей” палигонунда бирикекен көп улуттун кошуундарынын курамында күжүрмөн ок атуулары менен коштолгон практикалык аракеттери пландалган. Машыгуунун максаты атайын багыттагы аскерлердин чеберчилигин, күжүрмөн даярдыгынын деңгээлин көтөрүү болуп саналат", - деп жазылат билдирүүдө.


Ошондой эле, Куралдуу күчтөрдүн маневраларга катышуусу – көп улуттуу аскерлер менен группанын курамында өз-ара аракеттешүүнү уюштурууда чоң тажыйырба алуушууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн