Бугу 12, 2024
Убакыт: 04:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргызстанга жакынкы күндөрү 1,2 млн доза вакцинанын келиши күтүлүүдө

Кыргызстанга жакынкы күндөрү 1,2 млн доза вакцинанын келиши күтүлүүдө

“Калкты эмдөө боюнча ыкчам ишти уюштуруу максатында, 2021-жылдын 9-июлунда, "Синофарм" вакцинасынын (Кытай Эл Республикасы) 1,25 миллион дозасын алып келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдын жетекчиси Жылдыз Бакашова билдирди.


Белгилүү болгондой, вакцинанын 1,1 миллион дозасы республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган, 150 миң доза кытай тарабынан акысыз берилген.


Мындан тышкары, Ж.Бакашева ушул эле өлчөмдө ушул вакцинанын кошумча партиясын сатып алуу маселеси каралып жаткандыгын белгиледи.


Улуттук Вакцинацилоо планынын негизинде

калктын 70% же 2118417 адамга эмдөө жүргүзүү зарылчылыгы, алардын катарына жарандардын артыкчылыктуу топтору 1 312 450 адам кирери белгиленди.


 I топ - саламаттыкты сактоо, билим берүү, ички иштер, чек ара, бажы кызматтарынын ж.б. кызматкерлери;


 II топ - ар кандай оорулардын күчөп кетүү коркунучу жогору болгон жарандар, 60 жаштан жогору курактагы карылар;


 III топ - калктын социалдык жактан аялуу топтору.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн