Кытай Кыргызстандын насыя төлөө боюнча мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу Каржы министрлигинин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысы Руслан Татиков билдиргенин “Акчабар” сайты жарыялады.
Расмий маалыматка ылайык, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана Кытай тарап узартуунун чоо-жайын айтпоону суранган. Каржы министрлиги Кыргызстан Кытайга жылына төрт жолу: январь, март, июль жана сентябрь айларында төлөм жүргүзүп турушу керектигин маалымдаган.
Пикирлер (1)