Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кордайдагы улут аралык кагылыш боюнча 5 адам камакка алынды

12.03.2020 09:28
1120
Кордайдагы улут аралык кагылыш боюнча 5 адам камакка алынды


Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районундагы улут аралык жаңжал учурундагы адам өлүмүнө жана жергиликтүү айылдарды өртөөгө шектелгендер аныктала элек. Бул тууралуу Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Дулат Дембаев айтып чыкты.


Расмий маалыматка ылайык, 30дай турак жай, 17 соода имараты жана 50дөй машине өрттөлүп, талкаланган. Кагылышка байланыштуу 23 миңден ашуун адам Кыргызстанга чек арадан өтө качууга аргасыз болгон.  


«Кордай окуялары боюнча беш киши кармалган. Алар бейбаштык, улгайган кишини сабоо жана полиция кызматкерине баш ийбөө фактылары боюнча кармалган. Бул жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылды. Өрттөө, адам өлтүрүү фактылары боюнча тергөө жүрүп жатат. Азырынча эч ким кармала элек, себеби материалдар көп», – деди Дембаев


Быйыл 8-февралга караган түнү Масанчи, Аукатты, Сортөбө, Булан-Батыр айылдарында улут аралык жаңжал чыгып, ал 11 адамдын өлүмү менен аяктаган. Дагы ондогон киши жаракат алган.


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев улут аралык чатакка байланыштуу Жамбылдын губернатору, Кордайдын акими жана облустук, райондук полиция жетекчилери баштаган бир топ аткаминерди кызматтан алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн