Бугу 09, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Коронавирус азык-түлүк бааларына таасирин тийгизди

14.03.2020 16:03
1919
Коронавирус азык-түлүк бааларына таасирин тийгизди


Коронавирус илдети дүйнө элинин тынчын алып, адамдардын ден соолугуна эле коркунуч жаратып тим болбой, экономикалык да жактан оор кырдаалды жаратууда. Айта турган болсок коңшу мамлекеттер Өзбекстан, Тажикстанда азык-түлүк кымбаттаганы айтылган. Элдер массалык түрдө азык-түлүктөдү сатып ала баштаганда, Тажик бийлиги базарларга барып элди тынчтандырууга аргасыз болгон.  


Коронавирус Казакстанда катталганы тууралуу маалымат чыккандан кийин кыргыз коомчулугунда да тынчсыздануулар башталып, азык-түлүк кымбаттап жатканы айтыла баштады.   


Бул кырдаалды өз көзүбүз менен көрүп, таанышып келүү үчүн Бишкектеги базар, соода түйүндөрүнө бардык.  Алгач Бишкек шаарынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан "Орто-Сай" базарына кирдик. 


Базарда интернетте айтылып, жаткандай баш аламандык, мүшөк-мүшөк кылып азык-түлүк ташыган адамдар көрүнбөдү.  Бирок ишенби күн болгонгобу демейдегиден адам бир аз көп.  


    


Базардагы соодагерлер менен сүйлөшүүгө аракет кылганыбызда, ачык атын атагысы келбеген сатуучулардын бири базарда баа өсүп жатканын, бирок ал базарда эл көбөйгөнүнөн улам эмес, ортодо бул кырдаалдан пайда көргүсү келген адамдар көтөрүп жатат деген пикирин айтты.  


"Мисалы картошка, сабиз сындуу жашылча жемиштер 3 сомдон 5 сомго чейин көтөрүлдү.  Май, ун саткандар, мүшөгүнө андан да көп кошуп жатат. Негизинен бааны дүң саткандар көтөрүп, бул жерде биз көтөрүүгө аргасыз болуп атабыз", - деди сатуучу. 


Жашылча жемиш базарында адам аз эле болгону менен ун, май саткан жерлерде кезекте турууга мажбур болосуң.  Биз бошосо сүйлөшөлү аталган азык түлүктү саткан жерлерде жарым саатка чукул турганыбыз менен такыр адам үзүлбөй башкалар көтөрүп жатат биз да мажбурбуз деген кыскача жооп алдык.   

 


Соодагерлер бизге көп кошулбады деген менен баалар бир топ эле жогорулаганын байкадык. Мисалы жашылча жемиштер 5 сомдон 10 сомго чейин көтөрүлсө, ундун мүшөгүнө 500 сомдон 800 сомго чейин кымбаттаган.  


Кийин сапарыбызды борбор калаадагы соода түйүндөрүнө карай уладык. Бир нече аталгандай жайларга барып базардагыдай баш-аламандык жок экенин көрүп, соода түйүндөрүнүн жетекчилеринин баалар өзгөрүүсүз турат деген жоопторун уктук.  


 

   


Болгону мына ушундай жайлардын биринин кызматкери коронавирус тууралуу маалыматтардан кийин спирттик ичимдиктер мурдагыга салыштырмалуу көп сатылып жатканын айтты. 


Бул кырдаалга байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине кайрылып, кандай чаралар көрүлөт, бул кырдаал боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатат деген суроолорубузга "бүгүн иш күн эмес тийиштүү кызматкерлер" жок деген сындуу гана жоопторду уктук.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн