Бугу 14, 2024
Убакыт: 00:45
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумуна айрым жактоочулар келген жок

10.08.2020 15:15
849
Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумуна айрым жактоочулар келген жок


Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча 10-августка белгиленген отурумга айрым жактоочулар келген жок. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Атамбаев, Ф.Ниязов, И.Карамушкина, А.Кодуранова, Р.Жеенбеков, М.Мискенбаев, К.Жолдубаева, К.Сагымбаев, М.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Баабиев, К.Осмоналиев жана Н.Капарбек уулун айыптоо боюнча жазык иши каралууда.


Айыпталуучу А.С.Кодуранованын жактоочусу Г.Дуйшенбекованын, андан сырткары айыпталуучулар К.А.Жолдубаева, К.Р.Сагымбаев жана К.А.Осмоналиевдердин жактоочусу Б.Автандил уулунун келбегендиктерине байланыштуу, соттук отурум 12-августка саат 10:00гө жылдырылды.


Буга чейин жактоочу Замир Жоошев айыпталуучулардын процесске катыша албаганы белгилүү болуп турса дагы, сот отурумдары белгиленип жатканын айткан.


Белгилей кетсек, “Медиа центр” мультимедиалык агенттигине ЖАМК айыпталуучуларды алып келүү боюнча соттон расмий билдирүү түшпөгөнүн, отурумдардын жылганына мекеменин эч кандай тийешеси жок экенин айткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн