Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:03
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумуна кайрадан эч ким келген жок

22.07.2020 14:31
1080
Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумуна кайрадан эч ким келген жок


Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча 22-июлга белгиленген отурумга айыпталуучулар жана жактоочулар келген жок. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.



Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Атамбаев, Ф.Ниязов, И.Карамушкина, А.Кодуранова, Р.Жеенбеков, М.Мискенбаев, К.Жолдубаева, К.Сагымбаев, М.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Баабиев, К.Осмоналиев жана Н.Капарбек уулун айыптоо боюнча жазык иши каралмак.


Айыпталуучулардын алынып келинбегендигине жана жактоочулардын келбегендигине байланыштуу, соттук териштирүү 27-июлга саат 10:00гө жылдырылган.


Буга чейин жактоочу Замир Жоошев айыпталуучулардын процесске катыша албаганы белгилүү болуп турса дагы, сот отурумдары белгиленип жатканын айткан.


Белгилей кетсек, “Медиа центр” мультимедиалык агенттигине ЖАМК айыпталуучуларды алып келүү боюнча соттон расмий билдирүү түшпөгөнүн, отурумдардын жылганына мекеменин эч кандай тийешеси жок экенин айткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн