Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Койго 100 сом, уй менен жылкыга 250 сом. Депутат Токторбаев малга салык төлөөнү сунуштады

03.11.2022 10:41
3952
Койго 100 сом, уй менен жылкыга 250 сом. Депутат Токторбаев малга салык төлөөнү сунуштады

Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев майда малга, ири мүйүздүү мал жана жылкыга салык төлөөнү сунуштады.


Депутат мындай долбоор айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу үчүн сунушталууда.


"Биздин өлкөдө 452 айыл өкмөттүн 300дөн ашыгы дотацияда отурат. Аларды каржылоо үчүн өлкөнүн бюджетинен 1,5 миллиард сом каражат бөлүнөт.


Мындан улам биз айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу үчүн ири мүйүздүү малга 250 сом, жылкыга 250 сом жана койго 100 сомдон салык төлөөнү сунуштап жатабыз.

Муну менен малдан 1,5 миллиард сом салык түшөт.


Ошону менен айыл өкмөттөрү дотациядан чыгат ",- деди депутат.


Пикирлер (9)

Коопсуздук коду
Гулбара Аскаровна
Доорубосун. Ансыз деле мал багуу ото чыгашалуу тармак болуп жатат. Малдын тоютун камдоо жыл сайын кымбаттоодо. Мал озун озу актабаса-, налогу да ашып тушсо- ишканалар болбосо мал бакпай эле Шаарга же Россияга айылдыктардын баарыбыз кетсек окшойт
Мээрим
Мал жандыктан салык алсаңар,анда чөп чаап алуучу жерлерден салык албагыла!!!..Байкуш элди 2-3жактан бышырып жейсиңерби?
Байболова Айнура
Токторбаев каяктан эмне жумуш кылышын билбей,эми ошону ойлоп тааппы?Озу элдер жандыктар мн тирилик кылса,булар кысымга алып,Узбекистан кылып коетго.Шумдугун кургур.
Бакыт
Шаарда соода сатык кылгандардын баары эле салык толоп жатабызго.Азыркы кезде айылдарда миндеп кой уйлары бар жарандарыбыз бар,мамлекетке эч кандай салык толошпойт.Азыркы кезде уй-койдун бааларын билесинер,бир кг эттин баасы орточо беш жуз сом турат...
Шумкарбек
Эч кимге зыяны жок Малга салык салганча 90 чочкону жумуш орду менен кошо жоюп салса мамлекетке кобуроок пайда тушот