Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 05:23
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

“Кумтөргө” кошумча кен казууга 26 миң гектар жер аянты качан жана ким тарабынан берилген?

09.06.2021 22:19
1645
“Кумтөргө” кошумча кен казууга 26 миң гектар жер аянты качан жана ким тарабынан берилген?


Бүгүнкү күндө кыргыз бийлигин жетектеген мурдагы өкмөт башчылары тарабынан “Кумтөргө” кен казууга 26 миң гектер жер аянтын мыйзамсыз берген деген негизде  кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Дал ушул жерлер кайсы өкмөт башчынын тушунда мыйзамдаштырылып берилгенине саресеп салдык.


Кыргыз бийлиги тарабынан 1997-жылы Кумтөргө иш жүзүндө 26 миң гектар жер аянты берилип, ал 2009-жылы мыйзам менен бекитилип берилген. Тагыраагы 1992-жылдагы Башкы макулдашуунун 4.13 пунктунун негизинде 26,0 миң гектарга №АИ-79-97 лицензиясы 1997-жылдын 19-декабрында берилген. Ал эми 2005-жылдын 8-декабрында болсо №4 лицензиялык макулдашуу түзүлүп, 26300 гектар жер аянты бекитилген. 2009-жылдагы Жаңы макулдашууну ратификациялоонун натыйжасында концессиялык аянт 10 миң гектардан 26 миң гектарга чейин кеңейтилген жана ал 50 жылга берилген. Макулдашууну ишке ашыруу максатында 2010-жылдын 25-мартында №168 КР Өкмөтүнүн (ПМ Д.Усенов) 10070 гектарга кошумча 16300 гектар жерди бөлүп берүү туралуу токтому кабыл алынган.


Бул чечимди аткаруу үчүн Жети-Өгүз райондук администрациянын буйругунун негизинде 2011-жылдын 6-апрелинде 26300 гектарды пайдалануу укугун 2042-жылга чейин бекитип, мамлекеттик каттоо башкармалыгы «Кумтөр» компаниясына жерди пайдалануу күбөлүгүн берген.


2012-жылдын 5-июлунда КР Өкмөтү (ПМ О.Бабанов) мурунку аталган чечимди жокко чыгаруу токтомун кабыл алган. Бирок, «Кумтөр» компаниясы бул чечимди тааныган эмес, себебин 2009-жылкы Келишимге каршы келет жана Жер Кодексине ылайык жер соттун чечими менен гана алынат деп, жердин күбөлүгүн ушул күнгө чейин пайдаланып келген.


2013-жылы Башкы прокуратура тарабынан бул күбөлүктү жокко чыгарып, жерди кайра мамлекетке кайтарып алганга Ысык-Көл облусунун сотуна доо арыз менен кайрылган. 2017-жылдын 28-августунда областтык сот прокуратуранын талаптарын жокко чыгарып, ишти кыскарткан. Демек, 2009-жылдан баштап 26 миң гектар жер аянтын «Кумтөр» компаниясы пайдаланып келген жана мамлекетке кайтарган эмес.


Ал эми Өкмөттүн 2019-жылдагы токтому менен кошумча бир дагы чарчы жер Кумтөргө берилген эмес. Бул чечим менен баардык мамлекеттик кен байлыктардын тизмеси эле түзүлгөн.


Ошол эле жылы «Кумтөргө» берилген 26300 гектар жер категорияларга бөлүнгөн. Анын ичинде:

- 10070 га өнөр-жай жери;

- 14108 га жер кору (земли запаса);

- 2222 га айыл-чарба жери.

Мунун натыйжасында 3 айыл Өкмөттүн бюджеттерине Кумтөрдөн жер үчүн акча каражаттары түшүп баштаган.

 

2017-жылдын 11-сентябрындагы Стратегиялык келишим туралуу:

 

2017-жылдын 11-сентябрындагы кыргыз Өкмөтү менен Центерра компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча түзүлгөн Стратегиялык макулдашууга КР Премьер-министри С.Исаков кол койгон. Натыйжада 87 млн АКШ долларын алууга макулдашкан.


Ал эми кийинки Абылгазиев башкарган Өкмөт 150 млн АКШ долларына чейин көбөйткөнгө жетишкен. Ал сумманын 100 млн доллардан ашыгы бюджетке 2019-2020-жылдары келип түшкөн.


Канатбек Аскаров

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын позициясын билдирбейт

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн