Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:50
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Куралдуу күчтөрдүн аскерлери Россияда өтүп жаткан «Чыгыш-2022» стратегиялык машыгууга катышууда

06.09.2022 10:17
274
Куралдуу күчтөрдүн аскерлери Россияда өтүп жаткан  «Чыгыш-2022» стратегиялык машыгууга катышууда

Россия Федерациясынын Чыгыш аскердик округунун «Сергеевский» жалпы аскердик полигонунда «Чыгыш-2022» стратегиялык командалык-штабдык машыгуусу өтүүдө.


Машыгуунун жүрүшүндө ыңгайлуу рубеждерди басып алуу, салгылашууга аскерлердин (күчтөрдүн) таасирдүү топтомдорун киргизүү үчүн шарттарды түзүү, душмандын командалык пункттар боюнча ок атууларына, артиллериянын ок атуу позицияларына жана асмандан чабуулдан каршы коргонуу каражаттарына сокку берүү боюнча тапшырмалары аткарылууда.


Эскерте кетсек, «Чыгыш-2022» СКШМ үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан 7-сентябрына чейин өткөрүлүп, анда ЖККУ, ШКУ мүчө мамлекеттеринин жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринин байкоочулары, куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенттери катышууда. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн