Жетинин айы 26, 2024
Убакыт: 14:12
USD
86.65
87.15
EUR
90.50
91.50
RUB
0.815
0.865

Мадумаров Садыр Жапаровго чукул кайрылуу жолдоду

25.11.2020 13:56
5471
Мадумаров Садыр Жапаровго чукул кайрылуу жолдоду


Президенттикке талапкер, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Садыр Жапаровго жана Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылуу жолдоду. Мадумаров кайрылуусунда БШКга Башкы прокуратура жиберген материалдын артында Садыр Жапаров турарын билдирген.


Садыр мырза Башкы прокуратуранын колу менен мени жашыруун үгүт жүргүзгөн деген шылтоо менен шайлоо өнөктүгүнөн четтетүү аракетиңиз өтө өкүнүчтүү кадам.


Сиздин алдыдагы шайлоодо өзүңүздүн жеңишке жетишиңизге күмөн саноо, санаркооңузду мен түшүнүп турам.


Албетте атаандаштардан кандай гана жол менен болбосун арылууну каалаап жатасыз. Азыртадан жеңиштен күмөн санай баштаганыңыз бул жакшы. Муну албетте мен каталыктарыңызды түшүнө баштаганыңыз деп кабыл алдым. Кыска убакыттын ичинде премьер-министр болуп, өлкөнүн президентинин ыйгарым укуктарын мыйзамсыз колдонуп, көптөн бери кыйналып келе жаткан өлкөбүзгө дагы кыйынчылыктарды жараттыңыз. Албетте элди бир жолу алдоо мүмкүн, бирок аларды дайыма алдай албайсың.


2021-жылдын 10-январына чейин шайлоочулар сиздин чыныгы жүзүңүздү тааныйт. Бирок мен өзүңүздү ушунчалык ачык көрсөтүп жатканыңызга түшүнбөйм!?


Президенттикке талапкерлигин коём деп жарыялаган күндөн баштап сиз мамлекеттин эсебинен бүткүл өлкөнү кыдырып, убадаларын берешендик менен аткара турганыңызды айттыңыз. Бирок экономикалык, социалдык жана аймактык көйгөйлөр жана ар кандай форматта программаңызды сунуштай алдыңызбы? Мындан сиз өтө ыңгайсыз абалга туш болдуңуз.


Эми Борбордук шайлоо комиссиясы сиздин иш-аракеттериңизге жана сөздөрүңүзгө баа берүүгө аргасыз болушат.


Мисалы: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган адамдар кызмат ордуна талапкер болууга укугу жок.


"Россия 24" телеканалына берген маегиңизде кызмат үчүн күрөшүүгө даяр экениңизди айттыңыз. Эмне Конституция сиз үчүн жарлык эмеспи?


Өлкөнүн президенти ким болорун БШК эмес, аны эл чечиши керек деп эсептейм. Башкы прокуратура жашыруун ызы-чуудан баш тартып, чынчылдык менен иштөөсүн сунуштайм. Урматтуу БШКнын мүчөлөрү! Эгерде Башкы прокуратуранын мага каршы даттануусун кароону чечсеңиз, анда менин бул кайрылуумду С.Жапаровго каршы арыз катары кароону суранам”, - деп айтылат аталган кайрылууда. 

Пикирлер (25)

Коопсуздук коду
Темирхан
Шакал Мадумаров бет тырмачы болбочу жаман катындай болуп Садырга эле эмне асыласың бир айда элди куураты деген сөзүң акылы жок көк мээ адамдын сөзү болуптур сени эч ким колдобойт Каркыраны кайтарып кой чыккынчы
Нургазы Нишанов
Адахан мыкты инсан ,ийгилик болсун!
Бакаев Эмилбек
Туура айтыңыз
Улан Шоруков
Адахан сиз элчи эле болунуз эми!
Алишер Эрмекбаев
“Чычкан ийинге кире албай жатып көтүнө калбыр байлайт” деген накыл кеп кимге тиешелүү экенин байкап турасыңар. Бекер Атамбаевдин капканынан бошонгон экен. Аласын айрыткан досу болбогондо капкандан кантип бошонмок?!