Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 09:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.40
94.40
RUB
0.890
0.930

Канат Аманкулов Чоң-Далы айылындагы спорт залга күрөш килемин берди

11.08.2020 10:31
1003
Канат Аманкулов Чоң-Далы айылындагы спорт залга күрөш килемин берди


Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов Чүйдөгү Чоң-Далы айылынын спорт залына күрөш килемин берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 10-август күнү Канат Аманкулов Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылынын спорттук залына күрөш килемин берген.


Ааламга жол айылдан башталат дегендей, так ушундай залдарда балдар биринчи ирээт спорт менен таанышып, бул жерде жаш таланттар ачылып, спортко сүйүү ойгонуп, чоң спортко биринчи кадамдар башталат. Биздин милдет – жаш спортчуларды даярдоо жана дене тарбия менен үзгүлтүсүз машыгууга жарандарды тартуу үчүн бардык шарттарды түзүп берүү болуп саналат”, – деген Аманкулов.


Белгилей кетсек, буга чейин Канат Аманкулов Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылына кичи футбол аянтчасын куруп берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн