Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 17:20
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Медиктер 200 миң сом үчүн атайын коронавируска чалдыгып жатабы? Дарыгердин жообу

30.06.2020 16:17
1548
Медиктер 200 миң сом үчүн атайын коронавируска чалдыгып жатабы? Дарыгердин жообу


Дарыгерлердин коронавируска кабылышына алардын оорунун очогунда иштеп жаткандыгы себеп болууда. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди. 


Анын айтымында, коронавирус инфекциясына чалдыккан дарыгерлердин жалпы саны 800дөн ашканы менен анын жарымынан көбү айыгып чыккан.


"Дарыгерлерге оор түйшүк түшкөн учур. Ар бир мүнөт баалуу болууда. Буга чейин эч ким, анын ичинде дарыгерлер дагы пандемияга даяр эмес болчу.  Алардын коронавируска чалдыгышына оорулуу бейтаптар менен дайыма контакта болгондугу себеп болууда. Дарыгерлердин ооруп калышы пандемиянын башталышында көп катталган. Андан кийин алар тиешелүү медициналык кийимдер, жабдыктар менен жабдылды. Окуудан өтүштү. Акыркы жумаларда коронавирус инфекциясына чалдыккан  дарыгерлердин саны азайганын байкоого болот", - деди ал. 


Ошондой эле, Талант Сооронбаев дарыгерлер компенсация алуу үчүн коронавируска атайын чалдыгып жатышат деген сөз чындыкка дал келберин айтып, "Бул абсурд жана куру айыптоо", - деп жооп берди. 


Бүгүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде бир сутка ичинде өлкө боюнча 47 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганын маалымдаган. Бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкса, оорудан сакайган дарыгерлердин саны 442 болгон. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 830 учур катталды.


Буга чейин вице-премьер-министр Аида Исмаилова дарыгерлер акчалай компенсация алуу үчүн коронавирус инфекциясына атайын чалдыгып жатышат деген маалыматты төгүндөп: "Бүгүнкү күндө ар бир коронавирус жуктурган медициналык кызматкер кылдат текшерүүдөн өтөт.  Атайын жуктурган учурлар катталган жок. Андыктан, такталбаган маалыматты таратуу туура эмес. Мындай айыптоолор дарыгерлердин жумушун жокко чыгарууда. Бул абдан өкүнүчтүү", - деп билдирген. 


Буга чейин коомдук ишмер Адахан Мадумаров түз фирде коронавирус оорусуна ишенбей тургандыгын жана дарыгерлер 200 миң сом алабыз деп жок ооруну "жуктуруп" жатышканын айткан. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн