Бугу 07, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Мурдагы министр Космосбек Чолпонбаевдин операцияга акчасы жокпу?

10.11.2020 12:55
1009
Мурдагы министр Космосбек Чолпонбаевдин операцияга акчасы жокпу?

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жүрөгүнө операция жасатуу керек. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев  маалымдады. 


“Ага операция жасатуу керек. Бул бекер эмес. Эгерде ал каржы маселесин бүгүн же эртең чечпесе, биз аны кайра жөнөтөбүз. Чолпонбаев каржы маселесин шейшемби күнгө чейин чечем деди. Бирок бүгүн иш эмес күн, эгер ал эртең чечпесе, анда аны тергөө абагына кайтарууга аргасыз болобуз”, – деди Сарыбаев.


Ал эми мурдагы министр операция жасатуу үчүн каражатка муктаж.  Ошондуктан ал кайдыгер эмес адамдардан жардам сурайт.


Түрмөдө жаткан Чолпонбаевдин абалы начарлап 22-октябрда ооруканага которулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн