Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Оор абалдагы дарыгер Мукарам Ураимовага 200 миң сом төлөндү, ал Бишкекке которулат

29.09.2020 15:26
927
Оор абалдагы дарыгер Мукарам Ураимовага 200 миң сом төлөндү, ал Бишкекке которулат

Ош облусунун Ноокат районундагы "Барчын" медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мукарам Ураимованы Бишкекке алып келүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, Мукарам Ураимова Ноокат районунда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталгандан тарта "кызыл зонада" иштеп, өзү ооруну жуктуруп алган.

"6-апрель күнү ал Ноокат аймактык ооруканага жаткырылып, ангионеврология бөлүмүндө 2 айдан ашык убакыт жаткан. 27-августтан 8-сентябрга чейин Ош облустар аралык ооруканада дарыланган. Учурда өкмөт башчынын тапшырмасы менен аны Улуттук госпиталга алып келүү иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта. 

Министрлик билдиргендей, учурда Мукарам Ураимовага 200 миң кенемте төлөнүп берилди.

Мукарам Ураимова 2020-жылдын 18-19-мартында, COVID-19 пандемиясынын биринчи толкунунда биринчилерден болуп обсервациялык жайда иштеп, ал жактан коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Илдеттин кесепетинен өпкөсүнүн 80% жабыркаган. Мукарам Ураимова ооруканада 3 ай жаткан. Учурда анын абалы оор, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Буга чейин Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигине Мукарам Ураимовага ыкчам тартипте тийиштүү көмөк көрсөтүү тапшырмасын берген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн