Ошто Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 5 жашар бала изделүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош шаарынын Жаңы-Маала айылында С.И. аттуу 5 жашар бала кечээ күнү Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып түшүп кеткен.
Ошол эле күнү жерине 4 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган, натыйжа болгон жок. Издөө бүгүн улантылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн