Памирлик Турганбай сүйлөшүп жүргөн кызы менен тааныштырды. Бул тууралуу Ютубдагы ALMA PRODUCTION каналы маалымдайт.
Анда Турганбай маек берип жатып, жанындагы сулуу бийкечтин аты Айгерим экенин жана ал анын сүйгөн кызы болоорун айтты. “Кыргызстанга келип таап алгам, өзү Жалал-Абаддан болот. Жакындан баштап сүйлөшө баштадык. Буюрса үйлөнөбүз”, - деди Турганбай.
Ошондой эле, ал Памирдеги кыргыздардын үйлөнүүдөгү салттары, калыңдары тууралуу кеп кылып, Кыргызстанга караганда памирлик кыздар кымбат болоорун айтып күлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн