Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:30
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Президент Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

25.05.2024 09:26
195
Президент Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барат


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда бир күндүк жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы “Акылман” президенттик лицейинде окуу жылынын аякташына арналган майрамдык иш-чарага катышып, лицейдин окуучуларын куттуктап, билим берүү мекемесинин камкорчулар кеңешинин биринчи жыйынын өткөрөт.

Жумуш сапарынын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы балдардын реабилитациялык борборунун ачылыш аземине да катышат, “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоочу борборго барат, “Аврора” санаторийинин аймагындагы коттедждик шаарчанын курулушунун жүрүшү менен таанышып, Балыкчы шаарында этти кайра иштетүүчү заводду ачат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн