Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 23:42
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Президент ЖК депутаттары менен резиденцияда жолугушту. Кандай маселелер талкууланды?

22.07.2021 07:01
870
Президент ЖК депутаттары менен резиденцияда жолугушту. Кандай маселелер талкууланды?

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.


Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер, ошондой эле парламенттин кароосунда турган актуалдуу мыйзам долбоорлору боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы өлкөнүн саясий жана коомдук турмушундагы Жогорку Кеңештин маанилүү ролун белгиледи.


Ал бардык күчтү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын курууга багыттоо зарылдыгын белгиледи.


Садыр Жапаров жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына жана мыйзамдуулук үстөмдүгү принциптерине болгон ишенимин бекемдөөнүн маанисине көңүл бурду.


Президент Садыр Жапаров парламенттин бийликтин бардык бутактары менен катар эле ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде коронавирус инфекциясынын пандемиясынын кесепеттеринен улам келип чыккан маселелерди тез арада чечүү боюнча консолидацияланган иш жүргүзүшү керектигин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн