Бугу 07, 2024
Убакыт: 04:57
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Президенттик квота менен БШКнын жаңы курамын кимдер түзүшөт? (тизме)

29.06.2021 17:25
923
Президенттик квота менен БШКнын жаңы курамын кимдер түзүшөт? (тизме)


Парламент БШК жөнүндө жаңы мыйзамга ылайык БШКнын жаңы курамын бекитиши керек. Ага ылайык, президент БШКнын алты мүчөсүн, ал эми Жогорку Кеңеш дагы алты талапкердин көрсөтөт.


Kaktus.media өз булактарына таянып, кимдер президенттик квотанын алкагында БШКга бара тургандардын тизмесин сунуштады:


1. Нуржан Шайлдабекова, учурдагы БШК төрайымы

2. Марс Наспеков, "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын экс-башкы директору

3. Анар Дубанбаева, юрист, "Мекенчил" партиясынан талапкер

4. Акбалык Жумалиева, жеке ишкер "Бир Бол" партиясынан талапкер

5. Нурлан Койчикеев, жактоочу, КР адвокатурасынын мүчөсү, "Мекенчил" партиясынан талапкер

6. Айдана Жупуева, КРнын вице-спикеринин экс-консультанты.


Ал эми парламенттик фракциялардан төмөнкү талапкерлер ат салышууда:

1. КСДП - Узарбек Жылкыбаев

2. "Республика - Ата Журт" - Кайрат Маматов жана Таабалды Тиллаев

3. "Кыргызстан" - Акылбек Эшимов

4. "Бир Бол" - Абдыжапар Бекматов

5. "Өнүгүү-Прогресс" - Тынчтык Шайназаров

6. "Ата Мекен" - Искендер Гайпкулов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн