Бугу 13, 2024
Убакыт: 05:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Путин, Рахмон, Мирзиёев, Токаев, Саркисян, Пашинян Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

31.08.2021 17:30
923
Путин, Рахмон, Мирзиёев, Токаев, Саркисян, Пашинян Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады


Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.


«Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн жарыяланышынын 30 жылдыгына байланыштуу чын дилимден куттуктоомду кабыл алыңыз. Биздин мамлекеттер ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда өнүгүүдө. Маңыздуу саясий диалог, ар кыл багыттагы конструктивдүү кызматташтык, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы натыйжалуу өз ара аракеттенүү жолго коюлган. Бул биздин боордош элдерибиздин кызыкчылыктарына толук жооп берип, евразия мейкиндигинде тынчтык, коопсуздук жана стабилдүүлүктү камсыздоо нугунда жүрүүдө», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


Владимир Путин Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалады.




Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.


«Бардык казакстандыктардын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана жалпы кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.


Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү бул дата улуттун биримдигин, туруктуулугун жана жаратмандык рухун чагылдырат, мамлекеттүүлүктү андан ары бекемдөө, кыргыз мамлекетинин узак мөөнөттүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн зор мааниге ээ.


Бул жылдар аралыгында Сиздин өлкө саясий жана социалдык-экономикалык модернизациялоодо, жарандардын бакубаттыгын камсыздоодо жана эл аралык коомчулукта өзүнүн кадыр-баркын жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишти.


Бир тууган элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарын, кылымдык достуктун жана ынак коңшулуктун салттарын карманып, Казакстан менен Кыргызстан көз карандысыздыктын алгачкы күндөрүнөн бери кол кармашып, ар дайым бекем колдоо көрсөтүп, бири-биринин жетишкендиктерине чын дилинен кубанышат.


Биргелешкен аракеттерибиз менен казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы үчүн жаңы багыттарды ачып, көп кырдуу кызматташтыгыбыздын динамикалуу өнүгүшүнө сапаттуу түрткү бере аларыбызга ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жооптуу мамлекеттик ишинде чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады.




Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.


«Сизди жана Сиздин өлкөнүн боордош элин олуттуу дата – Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктоо жана эң жылуу каалоолорумду жолдоо мага чоң ырахат тартуулайт.


Элдин бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча чоң кадамдар өзгөчө көңүл бөлүүгө татыйт. Алар Сиздин өлкөдөгү бүгүнкү саясий жана социалдык-экономикалык реформалардын натыйжасында мүмкүн болду.


Кылымдар бою боордош элдерибиз тарабынан аяр сакталып келген биздин жакын достугубуз жана коңшулаш ынактыгыбыз, ошондой эле көп кырдуу жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүк байланышыбыз биздин биргелешкен аркеттерибиздин аркасында акыркы жылдары интенсивдүү өнүгүп жатканын өзгөчө белгилегим келет.


Үстүбүздөгү жылдын мартында чын ыкыластык жана конструктивдүүлүк духунда, биздин жемиштүү сүйлөшүүлөрүбүздүн жүрүшүндө жетишилген бардык макулдашуулар жана биргелешкен долбоорлорду толук реализациялоо биздин элдерибиздин гүлдөп өнүгүүсүнө кызмат кылат деп ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


Шавкат Мирзиеев Садыр Жапаровго узак өмүр, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө албан ийгилик, ал эми кыргыз элине – туруктуу тынчтык, бакубаттуулук жана прогресс каалады.





Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.


«Түркмөнстандын элинин жана Өкмөтүнүн атынан, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана боордош Кыргызстан элине өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду билдиремин. Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн бекемдеп, элдин жыргалчылыгын жакшыртууда жана өлкөнүн эл аралык аренада кадыр-баркын жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишти. Түркмөнстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы жылдар бою уланып келген достук, бир туугандык жана ынак коңшулуктун, өз ара урматтоо менен түшүнүшүүнүн принциптерине ылайык динамикалуу өнүгүп, учурда жаңы мазмунга ээ болду. Сиздин үстүбүздөгү жылдын июнь айындагы Түркмөнстанга расмий сапарыңыз эки эл ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого, түрдүү тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүүгө карай маанилүү кадам болуп калды», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


Мындан сырткары, Гурбангулы Бердымухамедов Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алкагында «Аваза» улуттук туристтик аймагындагы Садыр Жапаров менен болгон жолугушууну жылуу эскерерин белгилейт.


Ошондо ачык жана ишенимдүү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө түркмөн-кыргыз достугун жана кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө болгон эки тараптын каалоосу жана ага даяр экендиги дагы бир жолу тастыкталган. Ал биргелешкен аракеттер менен эки элдин ортосунда түзүлгөн мамиле мындан ары да эки элдин жыргалчылыгы үчүн чыңдала берерине бекем ишенет.


Түркмөнстан Президенти Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакыт, бакубатчылык жана тынчтыкты, боордош Кыргызстан элине мындан ары алга карай өнүгүп, гүлдөп-өсүүнү каалады.




Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.


«Айрыкча маанилүү окуя — Кыргыз Республикасынын отуз жылдыгына байланыштуу менин жылуу куттуктоомду жана ак дилден каалоолорумду кабыл алыңыз. Кыргызстан биздин жакынкы кошунабыз жана биз көп кылымдык достук салттарыбыз менен ынак коңшулаштыгыбызды баалайбыз.


Биз эки өлкөнүн улуттук эгемендүүлүгүнүн биринчи күндөрүнөн тартып бул даңктуу салттарыбызды көбөйтүүгө жана бир бирин урматтоо жана эки тараптын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен тажик-кыргыз конструктивдүү кызматташтыгынын бүтүндөй комплексин бекемдөөгө кыйшайуусуз умтулуп келебиз.


Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бул процессти күчөтүү боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттерибизге жана элдерибиздин бакубаттулугу үчүн Тажикстан менен Кыргызстандын мамилесин өнүгүүнүн сапаттуу жаңы деңгээлине чыгарарыбызга үмүт артам», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.




Армения Республикасынын Президенти Армен Саркисян Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.


«Башкы улуттук майрам — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу менин чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз!


Армения Кыргызстан менен мындан аркы мамлекет аралык алаканы өнүктүрүүгө, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана кеңейтүүгө өзгөчө маани берет.


Өлкөлөрүбүздүн тыгыз кызматташуусу армян-кыргыз мамилесин өнөктөштүктүн мындан да жогорку деңгээлине чыгараарына ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


Армен Саркисян Садыр Жапаровго ден соолук жана өлкө бакубатчылыгына ийгилик, Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.




Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян поздравил Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.


«Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу Сизди чын жүрөктөн куттуктайм.


Өлкөлөрүбүздүн бир бирин урматтаган салттары жана элдерибиздин достугу Армения менен Кыргызстандын мындан аркы ар тараптуу кызматташуусунун бекем негизи болуп кызмат кылат деп ишенем.


Учурдан пайдаланып, Сизди Чолпон-Атадагы жылуу кабыл алууңуз үчүн ыраазычылык билдирем.


Биргелешкен аракеттер менен жакын арада биздин макулдашууларды ишке ашырабыз деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


Никол Пашинян Садыр Жапаровго ден соолук, бакыт жана жоопкерчиликтүү кызматында жаңы жетишкендиктерди, ал эми Кыргызстандын элине — тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн