Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:25
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Радио жыштыктар маселеси боюнча жакында Финпол маалымат берет, - Өкмөт башчы

22.05.2020 09:06
901
Радио жыштыктар маселеси боюнча жакында Финпол маалымат берет, - Өкмөт башчы


Радио жыштык маселесинде менин күнөөм жок, деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Ким күнөөлүү болсо жоопко тартылсын. Ишти дагы финансы полициясы жүргүзүүдө. Алар жакында сиздер каалаган маалыматтарды беришет», - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, радио жыштыктар да мамлекеттин байлыгы, сатыла турган чечим чыкса, анда аукционго коюлуп сатылышы керек. 

«Сатылбаса мамлекеттин балансында пайдага иштеш керек. «КТ мобайл» баасы 2 млрд сом турат. Ал жерде татыктуу адистер иштеп жатат. Бир жылда чоң мамлекеттик компанияны бутуна тургузган жоксуңар деп күнөө койгон да туура эмес. Келечегин убакыт көрсөтөт», - деп билдирди премьер.

Тема боюнча: Казакстандын Beeline компаниясына ит бекер сатылып кеткен телеканалга Абылгазиевдин катыштыгы барбы?

Премьер-министрди коррупция боюнча айыптоо негизсиз, - Султаналиев

Мени коррупцияга айыптаган Жанар Акаевди жеке абийирине койдум, - Абылгазиев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн