Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалды. Бул тууралуу Жээнбековдун уулу Азат Жээнбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалым болгондой, 25-май күнү Алимбаева УКМКга суракка чакырылган жана ошол жерден кармалган.
Азат Жээнбековдун айтымында, анын апасы Next TV ишине байланыштуу кармалган болушу мүмкүн.
Белгилей кетсек, Равшан Жээнбеков Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү менен биргеликте өткөн жылдын ноябрь айынан бери абакта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн