Тогуздун айы 09, 2025
Убакыт: 21:46
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.065
1.095

Россиядан келген медиктердин тобу 5 аймакта иштеп жатышат

28.07.2020 17:33
1123
Россиядан келген медиктердин тобу 5 аймакта иштеп жатышат


Россиядан келген медицина кызматкерлери 24-июлдан баштап аймактарда иштеп жатышат.


Маалым болгондой, алардын бир тобу Ак-Талаа районунда, Ак-Сууда – 1, Токмок аймактык ооруканасында – 1 жана эки топ Ош менен Жалал-Абад облустарында эмгектенүүдө. 


Дарыгерлер бир ай аралыгында COVID-19 инфекциясы менен кызыл аймактарда күрөшүп жаткан дарыгерлерге практикалык жардамдарды көрсөтөт.


Россиядан келген 5 медициналык топко 50 ак халатчан кирип - хирургдар, кардиологдор, терапевттер, педиатрлар, травматологдор, анестезиолог-реаниматологдор, инфекционисттер, пульмонологдор жана башка коронавирус инфекциясын дарылоо тажрыйбасы бар дарыгерлерден турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн