Бугу 12, 2024
Убакыт: 23:52
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Руслан Бекназаров: Азыркы бийлик кечирим сурасын

14.11.2020 10:34
1461
Руслан Бекназаров: Азыркы бийлик кечирим сурасын
"Аксы окуясын" окуянын өзүнө байлаган акмакчылык, караңгылык, түркөйлүк.

Кайгылуу "Аксы окуясы" А.Мадумаровдон эмес, А.Акаевдин бийлиги Үзөнгү-Куушту беришинен башталат.
Тарыхты билбегендер, ошол убактагы жалданма журналисттер жараны тырмадыңар. Ошол жалданма, ары жок журналист сөөрөйдү "жылдыз" кылгандар эсиңер барда, этегиңерди жапкыла.

Бекназаровдор азыр аза күтүп турат.

Президенттик шайлоонун шайтан оюнда азыркы бийлик "Аксы окуясын" аралаштырганы үчүн кечирим сурасын. Биз билебиз мамлекеттик КТР, ЭлТР бийликтин көрсөтмөсү жок былк этише албайт. Тиешебиз жок дешсе ЭлТР жетекчиси, көрсөтүүнүн жоопкерчиликтүү кызматкерлери токтоосуз жумушунан кетишсин.

Тарых күнүнө карата тарыхты эске салууну каалагандар "Үркүн" темасын козгосо болбойт беле? Россия империясы тарабынан тукум-курут боло жаздаганбыз, 1000 деген кыргыздар октон ажал тапкан, 1000 деген адамдар ачкадан өлгөн. 1000 деген адамдар суукка тоңгон. 1000 деген адамдар журтун таштап качкан.

Аны козгой албайсыңар. Себеби, коркосуңар. Дагы деле ошол ата-бабаларыбызды кыргандардын көзүн карап, аларга жалдырап жашайсыңар.

А.Бекназаровдун аза күтүүсүнөн, алыста жүргөнүнөн пайдаландык десеңер адашасыңар.
А. Бекназаров "Аксы ыйы - улут кайгысы" китебинде баарын ачык жазып, документалдуу далил менен келтирген.
Кайрадан ЭлТР көрсөтүүнүн тез арада уюштурсун. Аксы окуясында түзмө-түз катышкан, окуяны башынан жана ичинен билгендер чогулуп барабыз. Бекназаровдордун үй-бүлөсүнөн барууга даярмын. Тел.номурум 0771000059, 0550811444.

Руслан Бекназаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн