Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:08
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Шайлообек Атазов, ЖК депутаты: “Профсоюздарга таандык 164 объекти мыйзамсыз сатылып кеткен”

15.09.2023 11:12
383
Шайлообек Атазов, ЖК депутаты: “Профсоюздарга таандык 164 объекти мыйзамсыз сатылып кеткен”


- Шайлообек Карыбекович, бүгүн дагы бир жолу профсоюздар тууралуу маселе көтөрдүңүз. Ошол сөздөрдөн кийин кандайдыр бир натыйжа байкалып жатабы?


- Профсоюздардын ишмердүүлүгү, мыйзамсыз сатылган объектилер боюнча  көп жылдардан бери маселе көтөрүлүп жүрөт. Кечээ күнү президентибиз бул маселеге өтө сонун чекит койду. “Жыргалаң” санаторийине барганда баарын иликтеп карагыла, мыйзам бузуу болсо ашкерелегиле” деп катуу тапшырма берди. Бирок, “ууру тойгончо жеп, өлөрчө карганат” демекчи, профсоюздагылар дагы эле мамлекетти тоногондорун моюндарына албай жатышат. Биз Жогорку Кеңеш профсоюздар жөнүндө токтом кабыл алып, анда баарын көрсөткөнбүз. 1992-жылдан бери мыйзамсыз сатылган мүлктөрдү мамлекетке кайра кайтарууну, ага күнөөлүү кишилерди жоопкерчиликке тартууну сунуштаганбыз. Ысык-Ата, Ноокат, Базар-Коргон райондорунда, Ош, Ысык-Көл облустарында профсоюздарга таандык 164 объекти мыйзамсыз сатылган. Атүгүл биздин депутаттык комиссия текшерип жаткан учурда да алар сатып атышкан. Июнь айында токтом чыкты, биз текшерип жүргөн учурда Кара-Сууда пионер лагерлер сатылып кетиптир. Аларды ким текшерет? Укук коргоо органдары эмне кылып отурат? Ошолордун үстүнөн иштеши керек да!


- Профсоюздар эки-үч депутатты сотко беришкен турбайбы. Ошол мыйзамсыз сатылган мүлктөр тууралуу айткан сөздөрүңүздөргө байланыштуубу?


- Биздин маселени парламентке алып чыккандыгыбызга чычалап, ошол жолго барып атышат. “Калпыс сүйлөп, туура эмес карап койдуңар...” деген эле маселе. Бирок, бул жерде мыйзам биз тарапта. Элдин, мамлекеттин талабы ушул. Мамлекеттүүлүк үчүн кээде бир тууганыңа да каршы чыгып калат экенсиң. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн