Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:10
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Шайлоодон четтетилген “Кыргызстан” партиясы шайлоо фондуна 47,9 млн сом которгон

26.08.2020 16:34
1243
Шайлоодон четтетилген “Кыргызстан” партиясы шайлоо фондуна 47,9 млн сом которгон


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ар бир саясий партиянын шайлоо фондунун атайын эсебине түшкөн каражат боюнча отчетун жарыялады. 


Маалыматка караганда, 21-августка карата "Кыргызстан" саясий партиясы өзүнүн шайлоо фондуна  47 млн 968 миң 364 сом которгон. 


БШКнын маалыматы боюнча партия которгон жалпы каражаттын ичинен 2020-жылдын 9-июлунан 21-августуна чейин 39 млн 335 миң 620 сомун короткон. 


Буга чейин маалымдалгандай, Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясына документтерин кайтарып берген. Мындай чечим БШКнын 25-августта өткөн отурумунда кабыл алынган. Парламенттик шайлоого катышып жаткан бардык партиялар 24-август күнү саат 18.00гө чейин шайлоо күрөөсүн төлөп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин көрсөтүшү керек болчу. БШКнын өкүлдөрү документти партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү алып келиши керектигин, башка адам алып келген деген жүйөө келтиришти.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн