Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:28
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Шайлоонун жокко чыгышына себепкер болгон партиялар кайра шайлоого катышканы туура болобу?

21.05.2021 10:58
1401
Шайлоонун жокко чыгышына себепкер болгон партиялар кайра шайлоого катышканы туура болобу?

11-апрелде жергиликтүү кеңештердин шайлоосу өткөн. Бирок, добуштарды сатып алуу, бир эле үйгө көп сандагы шайлоочуларды каттап алуу сыяктуу мыйзам бузуулардан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шаардык кеңештерине өткөн шайлоолор жокко чыгарылганы белгилүү. Эми кайрадан шайлоо өткөрүү боюнча мамлекет башчысынын жарлыгы чыгышы керек. Андан кийин 40 күндүн ичинде шайлоо өтүшү шарт.


Эми аталган шаардык кеңештерге кайрадан шайлоо өтсө, мурдагыдай мыйзам бузуулар катталбайбы? Кайрадан добуш сатып алуулар орун албайбы? Домкомдордун, квартал башчыларынын кайсы бир партияга тымызын чуркаганы токтойбу? Ишенүү кыйын.


Себеби, шайлоолордун жокко чыгышына себепкер болгон партиялардын кайрадан өтө турган шайлоого катышуусуна эч кандай бөгөт коюлбайт. Аларды катыштырбай коюу шайлоо мыйзамдарында каралган эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бегматовдун айтымында ошол мыйзам бузууларга барган партиялардын тиешелүү талапкерлери гана кайрадан шайлоого катыштырылбайт. Ал эми партия өзү катыша берет.


Саясий партия – бул бир команда. Демек, алардын жасаган аракеттери – бул командалык аракет болуп саналат. Кайсы бир талапкер партия лидеринин, башка мүчөлөрүнүн макулдугу жок, өз алдынча эле добуштарды сатып алууга, шайлоо мыйзамдарын бузууга барган деп айтууга ишенүү да кыйын. Андыктан «Бардыгы бирөө үчүн, бирөө бардыгы үчүн» деген принцип менен чара көрүлсө туура болмок.


Мисалы, буга чейинки шайлоонун жокко чыгышына «НДПК», «Эмгек», «Ак Бата», «Ата-Журт Кыргызстан» партияларынын айрым мыйзамсыз аракеттери себеп болбодубу. Анан ушул эле партиялардын кайрадан өтө турган шайлоого катышканы кандай болот? Кайра эле ушул партиялар жеңишке жетип, кайрадан эле «шайлоо таза өткөн жок» деген нааразычылыктар жаралбайт деп ким кепилдик бере алат? Кайра эле домкомдор, квартал башчылары ушул партиялар үчүн чуркап иштебейт деп ким айта алат? Добуштарды сатып алуу тыптыйпыл токтойт деп ким ишендирет? Эгер кайра эле ушул партиялардын мыйзам бузуулары аныкталса, дагы шайлоо жокко чыгарылабы? Анда кандай болот? Улам-улам эле шайлоо өткөрө бергидей мамлекеттин казынасы ашып-ташып жатабы?


Баса, ушул жерден белгилей кете турган жагдай бар. Шайлоолордун жокко чыгышына салымы болгон партиялар, ага мамлекеттик бюджеттен сарпталган каражаттарды төлөп берүүгө милдеттендире турган норма киргизилиши керек экен. Добуштарды сатып алуу аракетин көргөн партиялардын айынан мамлекеттин бюджетине күч келбеши керек. Балким, ошондо шайлоо мыйзамдарын бузуу токтойт. Ошол каражатты мамлекетке төлөп берүү менен бирге ал партиялар кайра өтө турган шайлоого катышуусуна бөгөт коюлушу шарт. Албетте, азыр буга шайлоо мыйзамдары жол бербейт экен. Бирок, мындай норманы киргизүүгө болот.


Алдын-ала эскертип койгон жакшы, эгерде кайрадан өтө турган шайлоодо ушул эле мыйзам бузган партиялар жеңишке жетип келишсе, анда болуп келген нааразычылыктар дагы болот. Буга чейинкиден күчтүүрөөк нааразычылык орун алат. Аны алдын-алуунун жалгыз жолу – бул шайлоо мыйзамдарын бузган партияларды шайлоодон четтетүү.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн