Бугу 11, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Шыкмаматовго 7,5 миң айып пул салынып, эскертүү берилди

13.11.2021 19:47
877
Шыкмаматовго 7,5 миң айып пул салынып, эскертүү берилди

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке "Ынтымак" партиясынан талапкер Алмамбет Шыкмаматовго 7,5 миң сом айып салды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Шыкмаматовдун үстүнөн Социал-демократтар партиясынын өкүлү Таалайбек Усубалиев арызданган. Ал парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий баштала электе Коомдук биринчи канал "Биздин айыл" деген 25 мүнөттүк берүү көрсөткөнү, анын басымдуу бөлүгүн Шыкмаматов менен маек ээлегени билдирген.


БШК Таалай Усубалиевдин арызын карап, телеканал Шыкмаматовдун парламенттик шайлоого бара жатканын жана видеодо мөөнөтүнөн мурда үгүт иштеринин белгилери бар экенин эске алышы керек болчу деп белгилеген.


Боршайком мыйзам бузуу үчүн Шыкмаматовго 7,5 миң сом айып салып, Коомдук биринчи каналга оозеки эскертүү берген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн