Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

СУАР Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу 100 миң доллар каржылык жардам көрсөттү

12.02.2024 17:02
187
СУАР Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу 100 миң доллар каржылык жардам көрсөттү


Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, элчи Ду Дэвэнь Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Бишкек шаарынын ЖЭБинде болгон аварияга байланыштуу колдоосу менен катын жолдоду.

Тилектештиктин белгиси катары Синьцзяндын Элдик Өкмөтү 100 миң доллар суммасындагы гуманитардык каржылык жардам берүүгө ниеттенүүдө.

Айбек Молдогазиев кытай тарапка аталган финансылык жардам көрсөткөндүгү, ошондой эле кыргыз тарапка көрсөтүлүүчү колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди, бул эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы кеңири баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүк, ынак коңшулук жана достук мамилелерди чагылдырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн